24-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаап, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22.
Бишкек шаарында түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° жылуу болот.