«Кыргызгидромет» кабарлагандай, 25-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34,
Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28,
Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13°.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 32…34° болот.