• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

25-майда күтүлгөн аба ырайы

24 Бугу 2021 13:23 Бишкек Govori.TV

25-майда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр, бийик тоолорго кар жаайт. Күндүз Баткен, Талас облустарынын кээ бир аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жерлеринде жаан-чачын болот. Түштүк-чыгыштан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35,

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 16…18, күндүз 32…34°.

Количество просмотров: 56