Эртең, 25-ноябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдордо кар, муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +14…+19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +5…+10;
Бишкекте түнкүсүн -3…-5, күндүз +8…+10.