• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

26-27-январда Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилет

24 Үчтүн айы 2023 16:36 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын, 26-27-январда Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилет. Бул күндөрү Бишкекке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары  менен келет.

Өлкөгө келген делегациянын кортежинин каттамы учурунда төмөнкү көчөлөрдө чектөө болот:

  • «Манас» аэропортунан Бишкекке чейин;
  • Фучик көчөсү Чүй кең көчөсүнө чейин;
  • Чүй кең көчөсү Фучик көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейин;
  • Манас жана Ч.Айтматов кең көчөсү Мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Д.Садырбаев көчөсү мамлекеттик резиденциядан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин.

«Мамлекеттик маанилүү иш-чаранын өтөрүнө байланыштуу шаар тургундарын, меймандарын чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, алдын ала маршрут түзүп алууга чакырабыз. Ошондой эле жогоруда аталган көчөлөргө унааны токтотпоону суранабыз», — дешет министрликтен.

Количество просмотров: 87