• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

4 Баш оона 202515:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 2025-жылдын 5-августунда жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин  көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

2025-жылы Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин оңдолууда.

Эске салсак, 2024-жылы Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт

Количество просмотров: 156