26-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында, Чүй облусунун тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 1…3 градус болот.