• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

26-июнда күтүлгөн аба ырайы

25 Кулжа 2022 15:48 Бишкек Govori.TV

26-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облуcунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Бийик тоолордо түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.

Количество просмотров: 770