Кара-Суу райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду коюлган беренелердин бир бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыратты.
Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясы 30-беренесинин (Кылмышка шериктеш болуу) жана 304-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) бир нече пункттары боюнча айыптуу деп табылган. Ушул эле беренелердин башка пункттары боюнча кылмыш жопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза белгиленген жок.
Сайпидинов жазасын жалпы тариптеги түзөтүү абактарында өтөйт.