Эртең, 26-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +15…+20;
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;
Ысык-Көл менен Нарын облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;
Бишкекте түнкүсүн 0…-2, күндүз +11…+13 градус болот.