• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

26 млн сомдук мүлктү мыйзамсыз сатууга шектүү кармалды

29 Жетинин айы 202416:33 Бишкек Govori.TV

Коргоо министрлигинин базасындагы 26 млн сомдук спорт комплекси мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратура өзу маалымдады.

Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 26 млн сомдон ашык суммага бааланган МАМ-19 спорт комплексин мыйзамсыз сатып жок кылуу фактысы аныкталды.

“Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган базанын командири Ж.Э.Ш. кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилип, камакка алынды”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери уланып жатканы айтылды.

Количество просмотров: 185