• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Сууда 15,6 млн сомго бааланган жер муниципалитетке кайтарылды

6 Бирдин айы 202615:11 Бишкек Govori.TV

 Кара-Сууда 15,6 млн сомдук жер муниципалитетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тиешелүү текшерүүдө Савай айыл өкмөтүндө жайгашкан мурдагы балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна тийиштүү 0,24 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.

«Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында базар баасы 15,6 млн сомду түзгөн 0,24 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды»,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 151