• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

27-апрель: Карантинде өзгөргөн Бишкек. Шаардын асмандан тартылган видеосу

27 Чын куран 202012:22 Бишкек Govori.TV

Дүйнөнү каптаган коронавирус менен Кыргызстандын алышканына бүгүн 41 күн толду. Өлкөдө коронавирустун кесепетинен 25-марттан  30-апрелге чейин карантин жарыяланган. Бишкекте дээрлик бардык объектилердин иши токтоду. Ушу тапта банктар, дарыканалар жана азык-түлүк дүкөндөрү гана иштеп жатат.

Блокпосттордон улам көчөдө автоунаалар аз. Автоунаалардын азайышынан улам шаардын абасы бир топ тазарганын байкоого болот.

ӨА режимине карабастан шаарды жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Карантин уланган бир айдын ичинде Бишкек өзгөрдү. Борбордук бөлүктө гүлдөр отургузулса, жапжашыл болгон бак-дарактар жөн эле көздүн жоосун алат.

Количество просмотров: 661