• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

27-декабрга карата аба ырайы

26 Бештин айы 2021 16:15 Бишкек Govori.TV

26-декабрдан 27-декабрга караган түнү Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында кар жаайт.Күндүзү аба ырайы суук тартып, жолдор тайгак болот. Айрым аймактарды жөө туман басат.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүзү 1…3;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүзү -3…-8;

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-11, күндүзү -2…-9;

Талас облусунда түнкүсүн -2…7, күндүзү 0…-5;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -1…3, күндүзү 2…7;

Ош облусунда түнкүсүн -1…3, күндүзү 2…7;

Баткен облусунда түнкүсүн -2…3; күндүзү 2…7 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Күндүзү жолдор тайгак болуп, көчөлөргө жөө туман түшүшү мүмкүн. Мындан улам шаардык милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды сак болууга чакырды.

Борбордогу абанын температурасы: түнкүсүн -1…-3, күндүзү 0…-3 градус суук болот.

Количество просмотров: 221