• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

27 млн. сомдон ашуун зыян келтиришкен. “Бишкекжарык” ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

14 Бирдин айы 2022 12:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасында Кыргыз Республикасынын бюджет жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы текшерилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, «Бишкекжарык» МИнин жооптуу кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын талаптарын бузулуп, ишканадагы товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, жетишсиздик 27 млн 189 миң 678 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, шаардык прокуратура тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 51