Эртең, 27-ноябрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7;
Бишкекте түнкүсүн -5…-7, күндүз +3…+5 градус жылуу.