4-апрелге караган түнү Бишкектин четинде 34 жаштагы Рахима Айкымбаева мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал тапкан. Жакындарынын айтымында анын денесине 27 жолу бычак сайылган.
Кылмышка шек саналып 33 жаштагы жаран кармалып, эки айга камалды.
Зомбулуктун курмандыгы болгон Рахима Айкымбаева 9-майда 34 жашка чыкмак. Артында жаш үч баласы калды. Балдарынын кичүүсү төрт жашта.
Маркум келиндин сиңдиси Айсулуу Айкымбаеванын айтымында, ал январь айынын аягында күйөсү менен ажырашкан.