«Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фонду өгөй атасы бычак менен сайган 9 жаштагы балага жардам берүү максатында акча топтоп жатат. Бул тууалуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Назгуль Турдубекова жазды.
Анын айтымында бала учурда ооруканада, ага памперстер жана башка каражаттар керек. Жардам берүүнү калагандар төмөнкү элсом капчыкка каражат которо алат:
(0771) 454-445 Гульжан же болбосо «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондуна алып келсе болот, байланыш номуру: +996 (702) 214-141.
Эске салсак, өткөн аптада эркек киши аялын жана 9 жаштагы өгөй баласын бычактап, өзү асынып алган. Окуя Бишкектин 5-кичирайонунда болгон. Кесепетинен киши менен аял көз жумган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.