• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бычакталган келин. Шектүү эки айга камалды

6 Чын куран 202410:15 Бишкек Govori.TV

33 жаштагы Рахима Айкымбаеванын өлүмүнө шектүү, күйөөсү Б.К. аттуу жаран 4-июнга чейин камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-апрелде кабыл алган.

Эске салсак, Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 33 жаштагы келин — Рахима Айкымбаева күйөөсүнүн колунан каза тапканын 4-апрелде «Балдар укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова жазып чыккан.

Милиция кылмышка шектүү 1991-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалганын билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 347