Эртең, 28-мартта өлкөдө маал-маалы менен жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…0, күндүз 5…10;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Бийик тоолордо түнкүсүн -20…-15, күндүз -2…-7 градуска чейин төмөндөйт.
Бишкекте түнкүсүн 1…3, күндүз 11…13° жылуу болот.