• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

28-январга карата аба ырайы

27 Үчтүн айы 202215:21 Бишкек Govori.TV

Эртең, 28-январда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас,  Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11;

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн -2…-7, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз +2…+7;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +9…+11 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 127