28-29-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ билдиргендей, Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
29-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы 10…12, күндүз 26…28 градус болот.