Эртең, 29-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;
Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…5;
Бишкекте түнкүсүн -5…-7, күндүз 5…7 градус.