Бүгүн, 7-декабрда №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселе каралып, токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Токтомго ылайык, №29 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 29 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
№ 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 102 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 137 758 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 56 307 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 40,87% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 46 344 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 33,64% түздү. Аралыктан 9 963 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 7,23% түздү.
№ 29 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 13 талапкерди каттады, шайлоого 13 талапкер катышты.
№ 29 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 29 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
№ 29 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко арыз (даттануу) келип түшкөн жок.