• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

3-октябрь — Германиянын кайра биригүү күнү! Германия элчиси кыргыз тилинде куттуктоо сөзүн айтты

3 Тогуздун айы 2023 19:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-октябрь Германия биримдигинин күнү белгиленди. Майрамдык иш чара Германия Федеративдүү Республикасынын Бишкектеги элчилигинде өттү.

Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы атайы жана ыйгарым укуктуу элчиси Габриэла Геллил мааракеге арналган куттуктоо сөзүн кыргыз тилинде сүйлөдү.

Төмөндө Габриэла Геллилдин сөзүн толук беребиз:

Урматтуу коноктор, достор,

Сиздер менен бүгүнкү салтанаттуу маарекеде амандашууга кубанычтамын!

Кош келдиниздер!

Менин мекенимүчүн бүгүн өзгөчө күн. Бул майрамды менин досторум, өнөктөштөрүм, кесиптештерим жана апам менен Бишкектеги элчиликтин резиденциясынын бакчасында майрамдоо менүчүн өтө чоң кубаныч.

Экиге бөлүнгөн Германиянын кайра биригүүсүн ушул 3-октябрь, улутту майрамыбыз эске салат. Учурдан пайдаланып, азыркы убакытта бөлүнүп турган айрым мамлекеттер менен тилегибиз бир экенин баса белгилеп кетким келет, тагыраак айтканда Түштүк Корея, ал өлкө дагы бүгүн өзүнүн  улуттук майрамын белгилеп жатат. Европанын өнөктөшү  болгон Кипр да эске түшүп турат, бул жерде менин биринчи элчилик кызматым өткөн. Кайгы менен Украина абалын дагы ойлоп жатам.  Биз Украина тарапта бекем турабыз.

2022-жылы, немис-кыргыз дипломатиялык мамилелеринин орношунун 30 жылдыгын биз Бишкекте гана эмес, өлкөнүн башка шаарларында, атап өтсөм Нарында, Караколдо жана Ошто көптөгөн маданий иш-чаралар менен коштоп келдик. Биз, бул өткөн 30 жыл менен сыймыктанабыз. Бирок, биздин мамилебиздин З1чи жылынан тартып, өнөктөштүк жана достук маанайда Германиянын желегин бүт өлкө боюнча көтөрүп жүрүүнү каалайбыз.

 Урматтуу коноктор, Кыргызстан Борбор Азиядагы кичинекей мамлекет. Ал эми Германия — Европадагы оор салмактуу өлкө деп, биздин кыргызстандык досторубуз жана эл аралык коомчулуктагы өнөктөштөрүбүз мага айтып келишет. Бул сый-урматтын белгиси. Бирок, биз Кыргызстанды дагы тең укуктуу өнөктөш катары сыйлайбыз. Ушул сый-урмат азыркы баш-аламандык доорунда айрыкча зор мааниге ээ. Айтып өткөн баш-аламандык, менин мекеним Германияга караганда, Азиянын так ортосунда, балким бир аз азырзак сезилет. Бул менин, бир ай мурун катышкан элчилер конференциясынан кийин калыптанган жеке ой-пикирим.

Артта калган жылдагы өткөн-кеткенди эстегенди мага уруксат этиниздер — Германия элчилигинин иш ыраатында 365 күн бар. 2023-жыл окуяларга абдан бай болду. Биздин өнөктөштөр жана дилгир көрүүчүлөр менен болгон музыкалык иш-чаралар, ошондой эле франко-герман кызматташтыгынын алкагында өткөн, мен маанилуу деп эсептеген, маарекелер абдан жакты.

Бир катар сапарлар болуп өттү, алардын ичинде эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган ири иш-чаралар да кирет, Тагыраак айтканда, өткөн жылы түзүлгөн немис-кыргыз ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте уюштурулду. Кийинки жолугушуу ноябрь айында Гамбургда өтөт. Албетте, кыргызстандык компаниялар катышууга кызыкдар деп ишенебиз.

Кыргызстандын Берлиндеги элчилиги менен тыгыз иштешип жатабыз. “Атын айтса, куту сүйүнөт” дегендей, кесиптешим Текебаев Өмүрбек мырзанын мыкты байланыштары бар жана германиялык инвесторлорду (аманатчыларды) жигердүү тартууда.

Мыкты кызматташтыктын натыйжасы катары мактанып өтчү нерсе — айыл чарба илимдер факультетинде көп жылдык кызматташуунун негизинде биологиялык ар түрдүулүктү коргоо боюнча герман-кыргыз институту быйыл жаз айын да түзүлдү.

Количество просмотров: 99