Эртең, 3-январда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…1, күндүз 7…12,
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…2, күндүз 8…13,
Нарын жергесинде түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз 10…12° жылуу болот.