• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

30 батир, жер тилкелери: Кадамжайда мамлекеттик мүлк жеке тараптарга мыйзамсыз берилгени аныкталды

15 Чын куран 2021 10:50 Бишкек Govori.TV

Баткенде мамлекеттик мүлк жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кадамжай шаарындагы “Кадамжай-Коммунальщик” мамлекеттик-муниципалдык ишканасына тиешелүү болгон 30 батир, 0,10 жана 0,15 га түзгөн эки жер тилкеси ушул эле ишкананын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан жеке жактарга мыйзамсыз менчикке берилип кеткендиги аныкталды.

Башкача айтканда, аталган мамлекеттик мекеме-ишканалардын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуу менен жогорудагы объектилерди сатуу боюнча укукка жат келишимдерди түзүп, кыймылсыз мүлктөрдү жеке тараптарга сатып жиберишкен.

Бул объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Баткен облустук административдик жана Кадамжай райондук сотторуна доо арыздар киргизилди.

Андан сырткары, тиешелүү кызмат адамдардын аракетине баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 320-беренеси менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 69