Баткен облусунда селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүүдө, жол каттамдары ачык. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-июнда жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек жана Суу-Башы айыл аймактарында сел жүргөн.
Буга байланыштуу Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.
Тартылган күч жана каражаттардын жардамы менен Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылынын Дахма тилкесиндеги жалпы 20 турак үй тазаланды.
Ал эми 29 турак үйдүн короосуна жана 8 чарбалык курулушка кирген сел суулары жерге сиңип кеткен. Мындан сырткары, 600 метр ички чарбалык жолду кум-шагыл каптаган.
«Селдин кесепетинен 2 турак үй авариялык абалга келип, алардын жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү. Ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштери бүгүн, 21-июнда улантылууда», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында Тамаша-Сайдан келген сел суулары сел сайы аркылуу өз нугу менен агып өткөн. Турак үйлөргө жана мал-жандыктарга зыян келтирилген эмес.
Белгилей кетсек, облус башчысы Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги алдында сел жүргөн аймактарда жеринде ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү ыкчам иш алып барышууда.