Эртең, 30-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10;
Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.