Эгемендүүлүк күнүндө Бишкектин борбордук көчөлөрү транспорт үчүн жабылат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын орун басары Манас Сыдыгалиев басма сөз жыйынында билдирди.
Майрам күнү жабыла турган көчөлөр:
Чүй проспектиси — С.Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсү- Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
А.Орозбеков жана И.Раззаков көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкелер;
С.Ибраимов көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Мындай убактылуу чектөөлөр Ч.Айтматов жана Манас проспектилери менен Байтик Баатыр жана Ж.Абдрахманов көчөлөрүнө да киргизилет.