Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн 8-январда саат 10:00дө алынды.
Ал эми Арал постундагы убактылуу чектөө бүгүн саат 09:00дөн тарта алынды.
Белгилей кетсек, Сосновка өткөрмө бекетинде кечээ, 7-январда саат 19:00дө, Токтогул районунун Арал өткөрмө бекетинде саат 19:45де оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
Учурда Өтмөк ашуусунда да жол ачык.
ӨКМ айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө учурда кар жаап, жолдор тайгак болгондугуна байланыштуу сак болуу жана эскертүүлөргө көңүл бурууну сунуштайт. Кандайдыр бир тоскоолдуктар жана кырсык болгон учурда 112 номерине чалууга чакырат.