• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Оштун мэри Төрөкан Багынбай уулу менен Акжол Махмудовго сыйлык тапшырды

22 Аяк оона 2018 12:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.09.2018. Govovri.TV
Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын байгенин ээси болгон Төрөкан Багынбай уулун Ош Эл Аралык аэропортунан тосуп алышты.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спортчунун ата-энеси, жакындары, шаар жаштары жана спорт сүйүүчүлөр чемпионду аскердик оркестрдин коштоосунда тосуп алышты. Балбан Төрөкан Багынбай уулу баардык жакындарына, колдогон күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Ал мындан ары да өлкө желегин желбиретүүгө бүт күч аракетин жумшоого аракет кыла берээрин кошумчалады.
Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашкан. Ал 1/16 кармашта ирандык, квалификациялык кармашта казакстандык, чейрек финалда түркмөнстандык, жарым финалда таиланддык спортчуларды жеңип алган. Финалда Бириккен Араб эмирлигинен келген Алкирби Талибди 2:0 упай эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталган эле.
​Ош шаарынын мери Таалайбек Сарыбашов бүгүн чемпиондорду кабыл алып, дүйнө чемпионатында коло байге алган Акжол Махмудовго 50 миң сом, Төрөкан Багынбай уулуна 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.
Количество просмотров: 36