• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

360°: «Кумтөр» таржымалы

2 Кулжа 2021 18:31 Бишкек Govori.TV

Кумтөрдү өкмөт убактылуу тышкы башкарууга алып, учурда өзү иштетип жатат. Учурда Centerra өчүргөн маалыматтык система калыбына келтирилүүдө.

1995-жылдан бери «Давыдов» мөңгүсүнүн 178 миллион куб метр аянты талкаланган.

Чет элдик компания мөңгүдөн түшкөн Петров көлүнүн суусун алтын чайкоого жана чарбалык иштерге колдонуп келген.

Бирок суу үчүн Кыргызстанга бир тыйын да төлөгөн эмес. Мындай практика дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок.

Кумтөрдөгү эң талылуу маселелердин бири – уу зат калдыктарын сактоочу жай.

Калдык сактоочу жайынын аянты 400 гектар. Дал ушул жайда 106 тонна алтын жатат.

Өкмөт аталган жайдагы алтынды казып алуунун технологиясын изилдеши керек.

Азыр «Кумтөрдө» жалпы 3500 киши эмгектенет. Алардын жүз пайызы кыргыз жараны.

«Кумтөр» кенинде алтын өндүрүү жана сатуу мурдагыдай процедура менен жүрүп жатат.
Кенди канадалык компания 1995-жылы казып баштаган.

Ушул кезге чейин Centerra «Кумтөрдөн» 11,5 миллиард доллар пайда көргөн. Ал эми Кыргызстан болгону 1,5 млрд. доллар алган.

Кыргызстандын соту канадалык компанияга экологияга тийгизген залакасы үчүн 261,7 миллиард сомдук айып салды.

Ал арада компаниянын жетекчилери өлкөдөн чыгып кетти. Кыргыз өкмөтү Centerra менен эл аралык арбитражда соттошууга камынууда.

Количество просмотров: 1137