• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министр Баетов: Нью-Йоркто Кумтөр маселеси боюнча соттук процесс аягына чыга элек

1 Бирдин айы 202215:29 Бишкек Govori.TV

АКШнын Нью-Йорк шаарында Кумтөр маселеси боюнча соттук процесс аягына чыга элек. Бул тууралуу Юстиция министри Аяз Баетов билдирди.

«Кумтөр маселеси боюнча сотто көрсөтмө берип, өзүбүздүн позициябыз менен аргументтерибизди билдирдик. Отурум өткөн аптада онлайн өттү. Ал эми процесс аягына чыга элек. Февраль же март айында биздин өтүнүчкө байланыштуу негизги отурум болушу мүмкүн»,-деди ал.

Белгилей кетсек, Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия «Центерра Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип жатат.

Канадалык “Центерра Голд» компаниясы дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Количество просмотров: 422