16-июнь, 2025-жылга карата Кыргызстан боюнча аба ырайы тууралуу маалымат.
Кыргызгидрометтин билдиришинче, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана башка аймактарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Чүй облусу
түнкүсүн +16… + 21
күндүз + 32… + 37
Талас облусу
түнкүсүн +12… + 17
күндүз + 30… + 35
Баткен облусу
түнкүсүн +17… + 22
күндүз + 32… + 37
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +17… + 22
күндүз + 32… + 37
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +9… + 14
күндүз +21…+26
Нарын облусу
түнкүсүн +9… + 14
күндүз + 22 … +27
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +34…+36.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +22…+24.