• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

39 жаштагы Айжан Алыкулованы өлтүрүүгө айыпталган адам 15 жылга кесилди

13 Жалган куран 202515:03 Бишкек Govori.TV

Бир жыл мурун Бишкекте киши колдуу болуп өлгөн 39 жаштагы Айжан Алыкулованын өлүмү боюнча соттук териштирүү аяктады. 13-март күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүү Кирилл Дамировду Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен айыптуу деп таап, 15 жылга эркиндигинен ажыратты.

Мындан тышкары маркумдун жакындарына моралдык жана материалдык кенемте катары айыпкер тарапты 1,1 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Жабыркаган тарап сот өкүмүнө нааразы экенин билдирди. Алар соттон Айжанды өлтүрүүгө айыпталган Дамировду өмүр бою эркиндигинен ажыратууну жана моралдык-материалдык чыгым катары 10 млн 748 миң сом төлөп берүүнү суранышкан. Мамлекеттик айыптоо да ушундай жаза сураган.

Адвокат Индира Саутова жабыркагандар менен кеңешип, өкүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку инстанцияга кайрылышарын «Азаттыкка» билдирген.

39 жаштагы Айжан Алыкулова былтыр 24-февралга караган түнү баш калаадагы батиринде киши колдуу болгон. Анын өлүмүнө шектүү деп жарандык никеде турган 34 жаштагы киши кармалган. Учурда ал тергөө абагында отурат.

Количество просмотров: 203