Курулуш объектилеринде эмгектенген чет өлкөлүк куруучуларга мыйзам талаптарын сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш министлигинен билдиришкендей, акыркы мезгилде айрым курулуш объектилеринде чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда коомдук тартипти бузуу, мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин колдонуу сыяктуу мыйзам талаптарына каршы аракеттер катталган учурларга байланыштуу алдын алуу иштери күчөтүлдү.
Аталган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарындагы бир катар курулуш объектилерин камтыды.
Жолугушуулардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жумушчуларга Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо, коомдук тартипти бузбоо, ошондой эле мыйзамсыз аңчылык, балык уулоо жана башка укук бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.