УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 2027-жылы боло турган президенттик шайлоого барбай турганын жана бул өнөктүктө президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын билдирди. Ташиевдин мындай билдирүүсүн анын тарапташы Өткүрбек Рахманов 16-июлда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
“Бул дагы менин көптөн бери айтып келе жаткан так позициям экенин билесиздер. Себеби өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин ынтымагы баарынан жогору турат. Мен мамлекетчил жана мекенчил адам катары, досум Садыр Нургожоевичти колдоймун. Досумду колдоо менен мен мамлекетибиздин өнүгүүсүн, элибиздин биримдигин жана Кыргызстаныбыздын келечегин колдогонум деп билемин. Мен мамлекетиме кызмат кылып келатканыма сыймыктанам. Элимдин алдында, Жараткан Кудайдын алдында абийирим таза. Элим менен мамлекетим үчүн ак кызматымды мындан ары да улантам”, — деп жазган Ташиев.
Ал коомчулукта өзүнүн атын жамынып, бүлүк салууга аракет кылгандар бар экенин белгилеп, аларга ишенбөөгө чакырды.