Эртең, 4-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Күндүз Нарын, Ысык-Көл, Ош облустарынын аймактарында кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрег жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;
Бишкек шаарында түнкүсүн -5…-7, күндүз +4…+6 жылуу болот.