• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

4-июлда күтүлгөн аба ырайы

3 Теке 2022 17:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидрометборбору 4-июлга караган түнү жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтөт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38,

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33,

Нарын дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 19…21, күндүз 36…38 градус ысык болот.

Количество просмотров: 2082