Бишкектеги №5 мектептин 4-кабатынан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 36 жаштагы жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
«Куткаруучулар мектептин психологу менен биргеликте сүйлөшүүгө аракет жасап жаткан учурда, экинчи топтогу куткаруучулар мектептин чатырынан атайы альпинисттик шаймандар менен түшүп, жарандын өмүрүн сактап калышкан», — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматка караганда, куткарылган жаран мектептин кызматкери эмес.
Учурда аны куткаруучулар Ички иштер министрилигинин кызматкерлерине өткөрүп берип, тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.