Тоң районунун Кажы-Сай айылында сел жүрүп, көл жээгине зыян келген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн саат 13:30 чамасында катуу жаандан улам келип чыккан сел Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун 104-чакырымында курулуп жаткан көпүрөнүн жанындагы убактылуу айланып өтүүчү көпүрөнү бузуп салган.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоң райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жана подряддык техника — грейдер, эки экскаватор жана жүктөгүч иштеп жатат. Адистер убактылуу айланма жолду калыбына келтирүү боюнча иштеп жатышат.