• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

4 жашар кыз апасынын 46 жаштагы жигити тарабынан катуу сабалды (видео)

30 Чын куран 2020 13:31 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Нур-Султан шаарында 46 жаштагы жаран төрт жашар кызды баш ийбегендиги үчүн аёосуз сабаган. Бул тууралуу «Первый канал Евразия» каналына маалымат чыкты.

Маалыматка караганда, окуя бир жума мурун болгон. Ошол күнү кыздын апасы Виктория үйүнө келип, катуу сабалган кызын көрөт. Баланы Виктория 6 айдан бери сүйлөшүп жүргөн 46 жаштагы спортчу сабаганы белгилүү болду. Буга чейин спортчу олуттуу мамиледе болгусу келгенин айтып, кызы менен тааныштырууну талап кылган.

Ал эми кызды сабаган жаран анын кулап түшкөнүн айткан.

Количество просмотров: 4605