УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коомдо “Кыргызстанда Кытайдын жарандары көбөйүп кетти” деген сөзгө комментарий берди.
“Мамлекетибизде “кытайлар басып кетти, кытайлар бардык жерди ээлеп алды” деген туура да, туура эмес да сындар айтылып жатат. Туура, Кытай мамлекетинен келген жарандар көбөйдү. Себеби өлкөдө чоң-чоң долбоорлор ишке ашып жатат. Айрыкча 2 жылда ири инвестициялар келип жатат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бүтүп калса жылына жок эле дегенде 500 млн доллар түшүп турат. Мына ушуларды курууга жумушчулар тартылган. Көптөгөн чоң ишканалар, имараттар курулуп жатат. 20-30 кабаттуу имараттарды тез, сапаттуу курууга кыргыз жарандары даяр эмес экенин билдик. Себеби буга чейин андай нерселер жасалган эмес. Биз талкалап, сатканга гана маш болуп калыптырбыз. Кытай жарандары виза менен кирет. 2 айдан 1 жылга чейинки эмгек визасын алышат. Туристтик виза 14 күн болот. Визасынын мөөнөтү аяктагандан кийин чыгарылат», — дейт ал.