• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

4 жаштагы бала 5-кабаттын терезесинен кулап кетти (видео)

15 Үчтүн айы 202010:39 Бишкек Govori.TV

Ташкент шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинде турган жаш баланын видеосу интернет түйүндөрүнө тарады. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсү боюнча, окуя кечээ, 14-январда болгон.

Видеодон жаш бала 5-кабаттагы үйдүн терезесинде туруп, бир нече секунддан кийин кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Ошол учурда кошуналары тосуп калышты.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, 4 жаштагы бала үйдө жалгыз калган. Окуя болгон жерге тез жардам кызматынын дарыгерлери барып, биринчи жардам көрсөтүштү.

Количество просмотров: 5230