Кантта белгисиз адамдар «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү ташыган поездинин айнегин талкалап кетишти.
Маалыматка ылайык, окуя 1-август күнү болжол менен саат 21:18де Дмитриевка – Кант станциясында болгон.
«Кыргыз темир жолунун» маалыматына таянсак, VIP, «Люкс» вагондордун, жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган. Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында окуя болгон жердеги сынган терезелер убактылуу скотч менен жабылып, поезд өз жолун уланткан. Бирок, мындай окуялар олуттуу кесепеттерге алып келип, жүргүнчүлөр, туристтер жана коштоочулар үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн. Поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоосун өтүнөбүз. Сураныч, поезддин жүргүнчүлөрү үчүн кооптуу жагдайларды жаратпоону жана поезд байланышынын бардык коопсуздугун чогуу сактоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.