• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте 5-кабаттан жаш жигит кулап кетти

8 Тогуздун айы 2019 17:58 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Коенкөзов көчөсүндө жайгашкан имараттын 5-кабатынан жаш жигит кулап кетти. Бул тууралуу Kaktus.media агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, жаш жигитти тез жардам кызматынын дарыгерлери Бишкектеги №3 балдар ооруканасына алып кетишкен. Абалы оор деп бааланууда, дарыгерлердин айтымында жабырлануучу 12-13 жашта.

Ал эми такталбаган маалыматтар боюнча жабыркаган жигиттин жашы улуураак экени жана ал Эл аралык университетинин студенти экени айтылууда.

Бул окуя боюнча тактоо иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 611