Эртең, 5-мартта тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;
Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10;
Бишкек түнкүсүн +4…+6, күндүз +18…+20 градус болот.