• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

5 млн. сомдон ашуун акчаны ыйгарып алууга айыпталган кызмат адамдарынын иши сотко жөнөтүлдү

11 Бирдин айы 2022 10:42 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын К.Р. жана А.Н. аттуу кызмат адамдарына карата өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыптоо актын бекитти. Алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 210, 346-беренелери (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”, “кызматтык жасалмачылык”) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталууда.

Текшерүүдө, аталган ишкананын кызмат адамдары жеке материалдык кызыкчылыктарды көздөп, финансылык-бухгалтердик документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен жүргүнчү автобустарынын айдоочуларынан күн сайын түшкөн акча каражаттарын ишкананын кассасынан системалуу түрдө чыгаруу жана ыйгарып алуу схемасын уюштургандыгы аныкталган. Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, ишканага жалпы суммасы 5 288 500 сом зыян келтирилген.

Тергөөдө көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке 5 миллион 288 миң 500 сом зыян толугу менен өндүрүлгөн.

Айыптоо акты бекитилгенден кийин кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 231