• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

5 жашар бала дарыяга түшүп кетти

24 Баш оона 20229:11 Бишкек Govori.TV

Кара-Кулжа районунун Сай айылында 5 жашар бала Тар дарыясына түшүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ӨКМдин райондук бөлүмүнө Сай айылында 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу бала Тар дарыясына түшүп кеткени тууралуу кабар түшкөн.

Жерине 8 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 340